18 жаштагы Айнасип Анаркулова мал доктур болуу үчүн Таласта билим алып жаткан жалгыз кыз

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарынын 18 жаштагы тургуну Айнасип Анаркулова Талас агрардык экономикалык колледжинин ветеринардык бөлүмүндө окуган жалгыз кыз. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул окуу жайга 9-классты аяктаган соң тапшырган.

«Окууга жалгыз кыз болуп тапшыргам. Азыр 3-курс болуп калдык. Апам лабораторияда иштейт. Мен дагы лабораторияда иштегим келет. Ошондуктан ушул кесипти тандап алдым. Билимди дагы жогорулатам. Ветеринария бөлүмүндө окуп баштагандан кийин жаныбарлар дүйнөсүнө кызыгуум артып, башкача көз карашта болуп калдым. Бизде сабактар ар дайым лабораторияда практикада өтөт. Малга операция жасоону үйрөнүп жатабыз. Айылдарга практикага чыгып, эл менен иштешип, малдын ылаңын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп жаттык. Мага абдан кызыктуу.

Бүгүнкү күндө мал доктурлук кыз кишилерге деле ыңгайлуу кесип болуп калды. Анткени малга операция жасоодо күч эмес, акыл-эс жөндөм керек деп ойлойм. Азыр эл арасында асыл тукум мал багылып, алардын баасы кымбат болгондуктан, атайын мал доктурлар менен тыгыз иштешкендер дагы көп. Аларга дагы атайын дарыканалар ачылып, шарт дагы мүмкүнчүлүк дагы көп», — деди ал.

Айнасип үй-бүлөдө 2 бир туугандын кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️