17-июлга чейин тоолуу аймактардагы унаа жолдорду сел капташы мүмкүн

Акыркы жанылыктар

Turmush13-17-июль күндөрү күтүлгөн нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу унаа жолдорду сел капташы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Аламүдүн, Чүй жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Кочкор, Ак- Талаа, Ат-Башы жана Нарын райондорунда, Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоосу мүмкүн.

Сел капташы мүмкүн болгон жолдор:

— Бишкек–Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;

— Ош–Сары-Таш–Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;

Пример HTML-страницы

— Бишкек–Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-1-чакырымдарында;

— Балыкчы–Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;

— Талды-Суу–Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;

— Ош–Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;

— Мырза-Аке–Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;

— Кербен–Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымдары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️