14 жаштагы Аэлита шурудан ар кандай сумкаларды жасап, кошумча каражат таап келет

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жаш талант» рубрикасынын кезектеги каарманы — Түп районунун Ой-Тал айылынын тургуну Аэлита Бакирова.

Ал Ш.Султанов атындагы жалпы билим берүү мектебинин 8-классынын окуучусу. 2-классынан тарта кол өнөрчүлүккө кызыгып, шурудан буюм жасап жатканын айтат.

«Мен 2011-жылы Түп районунун Кичи-Өрүктү айылында жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз, эжем жана агам бар. Апам жиптен ар кандай кийим-кечелерди токуган кол өнөрчү. Быйыл Ой-Тал айылынын Ш.Султанов атындагы жалпы билим берүү мектебинде 7-классты аяктап, 8-класска көчтүм. Өзүм биология, орус тили сабагына кызыгып, комуз чертип, ат мингенди жактырам. Мынндан сырткары кол өнөрчүлүккө кызыгып, шурудан ар кандай буюмдарды жасайм», — деди ал.

Кол эмгегин 2 миң сомго баалаган А.Бакирова учурда кыз-келиндерге арнап сумканын түрүн жасап жатканын кошумчалайт.

«Эң алгачкы жолу бисерден сөйкө, шакек, браслет жасап окуучу кыздарга 15 сомдон 40 сомго чейин саткан элем. Андан кийин менде кызыгуу жаралып, быйыл февраль айынан тарта шурудан сумка жасай баштадым. Сумканын түрүн көбүнчө интернеттен карайм, эмгекке жараша наркы 700 сомдон 2200 сомго чейин бааланат.

Пример HTML-страницы

Келечекте дарыгер болгум келет, ал эми хобби катары кызыгуумду кошо ала жүрөм деген ойдомун. Бул багытта өзүм негизги кесибим менен иштесем, ага кошумча кыз-келиндерге арналган буюмдарды жасап чакан дүкөн ачкым келет», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️