Пример HTML-страницы

12 жылдык билим берүү туура чечим деп ойлойм

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну — мектеп бүтүрүүчүсү Галип Муканбетов «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын ээси болду. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

Муканбетов Галип Талантбекович 2006-жылдын 16-октябрында Ат-Башы айылында төрөлгөн. Атасы Талантбек Муканбетов Ат-Башы аскер комиссариатында инспектор, апасы Сайкал Касымбекова Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштейт. Өзү Карыбек уулу Акматаалы атындагы инновациялык орто мектебин аяктап жатат.

«Мектепке чейин А.Курманалиев атындагы бала бакчада тарбияландым. 2013-жылы Карыбек уулу Акматаалы атындагы инновациялык орто мектебине киргем. 2019-2024-окуу жылдар аралыгында көптөгөн олимпиадаларга катышып, алдыңкы орунга жетише алдым. 6-класста окуп жаткан кезимде математикалык олимпиаданын райондук, облустук, республикалык турунда эң жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп, ошол эле жылы «Жылдын мыкты окуучусу» наамын алдым. Мындан сырткары предметтик олимпиадада математика сабагынан 2023-2024-окуу жылында райондук, облустук турда 1-орунду камсыз кылдым. Ал эми республикалык этабында биринчи ондукка кирдим», — деди ал.

Бүтүрүүчүнүн айтымында, «Алтын тамга» артыкчылык аттестаты — 11 жыл мектепте билим берген мугалимдердин эмгегинин бир далили.

«Алтын тамга» ийгиликке жетелеген алгачкы кадам десем да жаңылышпайм. Менин оюмча, жогорку окуу жайларына тапшырганда да жеңилдиктер болсо керек. Албетте, биздин билим берүү системасынын кемчиликтери жок деп айтуудан алысмын. Бирок Билим министрлиги акыркы жылдарда кылган иш-аракеттери туура багытта. Мисалы, 12 жылдык билим берүү туура чечим деп ойлойм», — деди ал.

Галип Муканбетов билим алуусуна биринчи кезекте ата-энеси колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи.

«Алар окуп, билим алышыма бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришти. «Мугалим күндөй тийсе чачырап, окуучусу гүл сыяктуу ачылат» дегендей, албетте мага билим-тарбия берген Карыбек уулу Акматаалы атындагы инновациялык орто мектебинин мугалимдери, алардын ичинен өзгөчө баса белгилеп айта кетчу мугалимдерим: Мария Атабаевна, Х.И.Мусаева, Г.Ж.Жапаркулова, А.Касымовна,С.Абдралиевна, Б.Койчумановна, П.Орозобековна, Р.Карыпбаевна, М.Калмуканбетович, К.Маликович, И.Абылгазиевич жана класс жетекчим Айгүл Өскөнова. Бишкек шаарында ар кандай курсттарда окуп даярдануума мектеп администрациясы да колдоо көрсөтүп келди. Учурдан пайдаланып агай-эжекелериме терең ыраазычылык билдирип кетем», — деди ал.

  • 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктады. Алардын ичинен 6 окуучу Нарын облусунан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE