Пример HTML-страницы

12 жаштагы окуучунун өлүмүнөн кийин эки адам кармалган. Алардын көрсөтмөсү күмөн жаратты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushӨзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын 12 жаштагы туругунун өлүмүнөн кийин 2 адам кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 25-майында ϴзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Б.А. аттуу тургуну (жаш өспүрүм) үйүнүн короосундагы сарайында өзүн-өзү асып каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголгон. 2024-жылдын 30-майында бул кылмышка шектүү катары ϴзгөн районунун Р.С. жана Ж.Т. аттуу тургундары кармалды.

Алардын берген көрсөтмөлөрү күмөн жараткандыктан, аныктоо максатында соттук психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган. Ош облустук психитария жана наркология борбору берген маалыматына ылайык, Р.С. жана Ж.Т. аттуу жарандар психикалык ооруларынан улам психиатр дарыгердин каттоосунда турган. Учурда тергөө амалдары уланып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Turmush Өзгөн районунда 12 жаштагы окуучу асынган абалда табылганын жазган.

Алдын ала маалымат боюнча, 2012-жылы туулган бала таенесинин үйүнүн короосунан асынган абалда табылган.

Кийинчерээк милиция иликтөө иштери башталып, тиешелңң экспертиза дайындалып, күбөлөр суралып жатканын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE