Пример HTML-страницы

11-классты 5 гана бүтүрүүчү аяктап жаткан Жумгалдагы мектеп

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Жумгал районунун аймагында окуучусу 100гө жетпеген мектептер бар. Аларда 25-май — акыркы коңгуроо аземи салтанаттуу түрдө белгиленди.

Жумгал районунун Арал айылындагы Бүбүайда Кожоналиева атындагы орто мектебинде 11-классты 5 бүтүрүүчү, 9-классты 13 бүтүрүүчү аяктап жатат. Мектепте жалпы 90 окуучу бар. Аларга 18 мугалим билим берет.

Жумгал районунун Лама айылындагы Лама орто мектебинде 11-классты 8 бүтүрүүчү, 9-классты 10 бүтүрүүчү аяктап жатат. Бул мектепте жалпы 23 мугалим 108 окуучуга билим берет.

Жумгал районунун Беш-Терек айылындагы Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектебинде 9-классты 11 бүтүрүүчү, 11-классты 6 бүтүрүүчү бүтүрүп жатат. Мектепте 20 мугалим 126 окуучуга сабак берет.

Жумгал районунун Эпкин айылындагы 9-класска чейинки билим берген Акун Садырбаев атындагы орто мектебинде 9-классты 10 бүтүрүүчү аяктоодо. Мектепте жалпы 113 окуучуга 22 мугалим билим берип келет.

Жумгал районунун Сары-Камыш айылындагы Кызыл-Октябрь орто мектебинде 8 бүтүрүүчү 11-классты, 5 бүтүрүүчү 9-классты аяктап жатат. Аталган мектепте жалпы 83 окуучу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE