101 турак үйдүн курулушу аяктап жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Барак айылындагы үйлөрдүн курулушу аяктап жатат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 16-октябрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев Ала-Тоо айыл аймагындагы Жаңы-Барак айылына барышты. Барак эсклавынан көчүрүлүп чыккан жарандарга курулуп жаткан турак жайлар менен таанышып, жакында аларды тапшырууга даярдык көрүү маселеси талкууланды.

Жолугушууда тиешелүү жетекчилерге айылга келчү негизги ички жолго асфальт төшөө тапшырылды.

Учурда Жаңы-Барак айылында 38 гектар жердеги 101 турак үйдүн курулушу дээрлик аяктап калды. Үйлөрдүн баары бирдей үлгүдө курулду.

Ошондой эле таза суу тартуу, саркынды сууларды чыгаруу системасын куруу иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө айылдын 3 көчөсүндөгү 60 турак жайга таза суу түтүктөрү тартылды. Башка көчөлөрдөгү үйлөргө суу түтүктөрүн тартуу иштери жүрүүдө.

Пример HTML-страницы

Электр зымдары тартылып, 1 көмөк чордону коюлду. Учурда айыл толугу менен электр энергиясы менен камсыздалды.

Жаңы-Барак айылында 101 турак жай курулууда. Ошондой эле 5 кабаттуу көп батирлүү «Ынтымак-Достук» үйүн долбоорлоого архитектуралык уруксат кагаздары жана долбоордук документтери даярдалып берилген. Долбоорго ылайык, көп батирлүү үй 5 кабаттан жана 4 блоктон турат. Ар бир блокто 40 даана батир болот, жалпысынан 160 даана батир каралган. Мындан тышкары кичи футбол аянтчасы жана 2 кабаттуу 140 орундуу бала бакча курууга тиешелүү иш кагаздары даярдалып берилген.

——————————————————-

Буга чейин Turmush Барак эксклавынын тургундары Өзбекстан Республикасынын аймагынан көчүрүлүп келгенин жазган.

2024-жылдын 4-8-март күндөрү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу комиссияларынын жолугушуусу болуп, протоколго кол коюлган.

Жогорудагы протоколго ылайык, 2024-жылдын 15-апрелине чейин Өзбекстан Республикасы тарабынан инженердик-техникалык курулмаларын демонтаждоо, ал эми Кыргыз Республикасы тарабынан Барак айылынан өз жарандарын көчүрүп чыгаруу иштери жүргүзүлдү.

Тескеменин негизинде бүгүнкү күндө 97 турак жай, 8 социалдык объекти бузулуп, толугу менен Кыргызстандын аймагына көчүрүлдү.

Көчүрүү иштерине жалпы 52 техника жана 155 жаран тартылды.

Барак айылында жалпы 97 турак жай жана 8 социалдык объекти катталган:

— мектеп (эки корпустан турат);

— бала бакча;

— коомдук мончо;

— ФАП;

— айылдык маданият үйү;

— мечит;

— таза суу менен камсыз кылуучу скважина (115 метрден артезиан суусун тереңдиктеги насос менен тарттырып берет);

— эки жеке менчик дүкөн.

——————————————————-

Барак — Кыргызстандын эксклавы, Ош облусунун Кара-Суу районундагы айыл. Ала-Тоо айыл аймагынын (мурунку Ак-Таш айыл аймагы) курамына кирет. Толугу менен Өзбекстандын Анжиян облусунун Кургантепа району менен курчалат.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Кашкар-Кыштак, Ак-Таш айыл аймактары биригип, Ала-Тоо айыл аймагы түзүлдү.

2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо маселеси талкууланган.

Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттардын суроолоруна жооп берген.

Депутат Алишер Козуев Ташиевден Кыргызстандын Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавы тууралуу сураган. Анын айтымында, айылда 300дөн ашуун түтүн, 1 миңден ашуун адам жашайт.

«Барак айылын алмаштык. 208 гектар жерди Өзбекстанга берип, Өзбекстандын Кара-Суу менен чектешкен суулуу, тегиз жеринен 208 гектар жерди алдык. Демаркациялоо иштери башталганда Барактагы жашоочуларды көчүрүп кетебиз. Мамлекет тарабынан компенсация берилет жана үй салып беребиз. Алыс жерге көчүрбөйбүз. Жакын эле жерге көчүшөт», — деген Ташиев.

Turmush 2024-жылдын 11-апрелинде Барак эксклавынын элин көчүрүү иштери башталып, 97 турак жай бузулганын жазган.

Буга чейин «Баракелде» Министрлер кабинети президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Барак эксклавынын тургундарын Өзбекстандан алынган 208 гектар аянттагы жерлерге көчүрүүнү тапшырганын жазган.

Тиешелүү буйрукка 2024-жылдын 1-апрелинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️