Пример HTML-страницы

100 жыл мурда түзүлгөн Баткен району алгач Нойгут-Кыпчак деп аталган

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун түптөлгөнүнө быйыл 90 жыл болду. Бул тууралуу аким Учкунбек Жоробаев билдирди.

Анын айтымында, Баткен алгачкы жылдары Нойгут-Кыпчак деп аталып, өзүнчө район болуп түптөлгөн. Алгачкы 10 жыл ушул атты алып жүргөн.

«Районубуз 1924-жылы Нойгут-Кыпчак деп түптөлүп, 10 жыл ушул аталышты алып жүргөн. 10 жылдан кийин атайын комиссиянын чечими менен Баткен району болуп аталган. Нойгут-Кыпчак районуна азыркы Лейлек жана Баткен райондорунун аймагы, Катраң жерлиги камтылган. Ошондо райондун алгачкы түптөлгөнүнө 100 жыл, ал эми Баткен району деп түптөлгөнүнө 90 жыл болду. Бул маалыматтарды архивдик документтер тастыктайт», -деди ал.

Аким буга катар эле райондун 90 жылдыгына карата район аймагында бир канча ачылыштар, курулуштар жүрүп жатканны белгиледи.

«Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылында мөмө-жемишти сактоочу логистикалык борбордун курулуш жүрүп жатат. Ал эми ушул эле айылга кошуна Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылында социалдык комплекстин ачылышы болот. Ал жерде бала бакча, мечит, кондитердик цех жана башка социалдык мекемелер курулган. Ушундай эле социалдык комплекс Кара-Булак айыл өкмөтүндөгү Бужум айылында да курулуп жатат», — деди Жоробаев.

Баткен районунун картасы кызыл түс менен белгиленген

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE