1 долларга сатылган «Кыргызгаз» 400 млн доллар инвестиция тартылды. Документалдык тасма

TurmushБүгүнкү күндө Кыргызстандын энергетика тармагы баарына таасир этти. Суунун көлөмүнүн аздыгы, электрдин таңкыстыгы, түтүн жана экологиялык жактан таза эмес көмүр көйгөйлөрүнөн улам энергиянын коопсуз жана кымбат эмес булагы катары жаратылыш газынын ролу өсүүдө.

Бир нече жыл мурун газ тармагыбызда даярдык жок эле. СССР кулагандан кийин дат баскан газ түтүктөрү жана эскирген жабдыктар гана калган. Система кайсы учур болбосун кыйрап, ал эми газ берүү токтоп калмак. Газ өнөр жайын кайра жандандыруу, газ жеткирүүдөгү коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо үчүн Кыргызстан менен Россия бул иштерди «Газпром» жүргүзөт деген келишимге жеткен.

2021-жылы суу тартыш учурда Кыргызстан энергетикалык кубаттуулуктун жетишсиздигине кабылды. Кыштын башталышы менен электр энергиясындагы чектөөлөр көмүргө болгон суроо-талапты дароо жогорулатты. Бул көрүнүш менен калк түтүнгө жана ышка чулганып калды.

Мындан улам ар жыл сайын кышкысын кара түтүндү азайтуу, жылуулукту арзандатуу максатында газга өтүү маселеси турат.

Бирок Кыргызстанда газдаштыруу иштери бейкапар жүргүзүлдү. Мындан тышкары 90-2000-жылдары газ саясий басым үчүн рычаг эле. Жылытуу маалында сырткы жеткирүүчүлөр газды маал-маалы менен өчүрүп турган. Бул өз кезегинде Кыргызстанды пайдасыз келишимдерге түрткөн. Ал эми 2014-жылы жеткирүүчүлөр Кыргызстандын түштүгүнө 9 ай бою таптакыр газ берген эмес.

АКИpress «Кыргызгазды» дүйнөдөгү энергетикалык ири компаниялардын бири болгон «Газпромго» сатуу себептери жана тарыхын изилдеди. Ошондой эле кыска убакыт ичинде кандай өзгөрүүлөр болгону тууралуу айтылат.

Пример HTML-страницы

Эмне модернизацияланды? Тарифтер кайсы эсептен төмөндөтүлдү? Жаңы турак жай комплексттери эмне үчүн борбордук жылытуу системасынан баш тартып, көмүр жаратылыш газына орун бошотуп жатат? Өзбекстан көгүлтүр от берүүнү токтоткондо Кыргызстандын түштүктөгү облустары газ менен кантип камсыздалат?

2014-жылдан бери Кыргызстандын газ чарбасын жаңылоо үчүн «Газпром» 400 млн доллардан ашык инвестиция сарптады. Булар толугу менен жаңыланган магистарлдык жана бөлүштүрүүчү газ түтүктөрү, башынан баштап курулган газ бөлүштүрүүчү станциялар, газдаштырылган 40тан ашык айылдар менен турак жай конуштары.

Эң негизгисин айтсак, калкка болгон газ тарифи төмөндөп, 7 жылдан бери Кыргызстанга газ жеткирүү үзгүлтүккө учураган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️