1 ай мурда Жумгалда Көкөмерен дарыясына агып кеткен 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush27-июнь күнү Жумгал районунун Чоң-Арал айылындагы Көкөмерен суусуна агып кеткен 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

27-июнда Чоң-Арал айылындагы Көкөмерен суусуна 3 адам (2 жаш кыз, 1 аял) агып кеткен. Ал жерде 2015-жылы туулган кызды жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. 28-июнь күнү саат таңкы 06:30 чамасында Беш-Терек айылынын 1985-жылы туулган тургуну З.Т. аттуу аялдын сөөгү табылып, жерге берилген.

Ал эми Бишкек шаарынын 2012-жылы туулган тургуну С.М. аттуу кызды издөө иштери улантып, 15 күн дегенде ӨКМ издөө ишин токтоткон. 15-июль күнү жергиликтүү балык кармап жүргөн тургундар Өрнөк айылындагы суу жээктен кыздын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен. Ал Беш-Терек айылында жерге берилди.

————————————-

Буга чейин Жумгал районунда Көкөмерен дарыясына агып кеткен кыздын сөөгү табыла электиги белгилүү болгон.

Пример HTML-страницы

Маалыматка караганда, райондун Чоң-Арал айылындагы Көкөмерен суусуна 2 кыз жана З.Т. аттуу аял агып кеткен. Адамдар 2015-жылы туулган А.Ч. аттуу кызды куткарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Аны Бишкектеги ооруканага алып кетишкен.

Сууга агып кеткен аял менен экинчи кыз дайынсыз болуп жаткан. 28-июнь күнү саат таңкы 06:30 чамасында Беш-Терек айылынын 1985-жылы туулган тургуну З.Т.нын сөөгү табылып, 29-июнда жерге берилди.

Ал эми Бишкек шаарынын 2012-жылы туулган тургуну, С.М. аттуу кызды издөө иштери улантылып жаткан. Анын жакындары бийликтен жардам сурап, кошумча күч жана суучулдарды суранышкан.

29-июнь күнү издөө ишине Жумгал районунан 19 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 49 адам жана Жумгал РИИБден 10 кызматкер тартылып, бирок табылган эмес. 30-июнь күнү куткаруучулар, жергиликтүү тургундар, милиционерлер болуп жалпы 80 адам жана 1 дрон издөө иштерин жүргүзгөн. Чаек айыл аймагынын аппарат кызматкерлери 1 күндүк эмгек акыларын чогултуп, издөө ишин жүргүзүп жаткан адамдарга ысык тамак уюштурушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️