Пример HTML-страницы

Өзгөндөгү студенттер улгайган адамдарга көмөк көрсөттү

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн районундагы студенттер жалгыз жашаган карылардан кабар алып, үй жумуштарына жардам беришти. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Райондо ыктыярчы студенттер социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте «Улгайган жарандарга көңүл буруу жана камкордук көрсөтүү» аталышындагы бир айлык акция уюштурушкан. Иш-чаранын алкагында улгайган жарандардан кабар алып, үй жумуштарына жардам беришти.

Ыктыярчы студенттер Өзгөн районунун 6 айыл өкмөтүндө жашаган карыялардан кабар алып келишти.

Өзгөн районунда жалпы тейлөөдө 231 жаран, анын ичинен 57 жалгыз бой карыя бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE