Өзгөндөгү айылда үйлөрдү сел каптады

TurmushӨзгөн районунда жааган жандын кесепетинен Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Ана-Кызыл айылында кокту-колоттордон келген сел 5 үйдүн короосун каптады. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, буга катар эле Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Какыр айылында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Суунун нугун буруу максатында Өзгөн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, айыл өкмөтүнөн 1 жүктөгүч тартылды. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Ана-Кызыл жана Бостон айылдарында суунун нугу бурулуп, иштер толук аяктаган.

Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Какыр айылында топтолгон суулар жергиликтүү тургундар тарабынан тазаланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️