Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында сарай жана малдын тоюту өрттөндү

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында сарай жана малдын тоюту өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Таштанов көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен жыгач устундуу шифер менен жабылган 2 кабаттуу сарайдын 64 чарчы метр чатыры, 200 түк беде жана 300 боо жүгөрү паясы күйгөн.

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында трактордун прицебине жүктөлгөн 400 кг кебез өрттөндү. Учурда бул кырсыктардын себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️