Өзгөчө ысымдуу мугалим Жакутова окуучуларга теориялык билимди практикада колдонууга үйрөтөт

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 65 жаштагы тургуну Фанар Жакутова 45 жылдан бери окуучуларга көркөм өнөр жана технология сабагынан билим берип келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Фанар Жакутова 17-май күнү көркөм өнөр жана технология сабагынан берген мугалимдерди чакырып, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал хендмейд жана оригами ыкмасын колдонуп, мастер-класс көрсөттү. Ошондой эле окуучуларынын колунан жаралган эмгектер — мыкты тартылган сүрөттөр, буюмдардын көргөзмөсүн уюштурду.

Анын айтымында, хендмейд ыкмасын колдонуу менен жараксыз нерселерден жаңы буюм жасоону окуучуларына үйрөтөт.

«Бул учурдун талабы. Анткени азыр таштандыдан көп нерсе жок. Мына ушул нерселерди кайра иштеп чыгуу керек. Ошол себептен жараксыз нерседен жаңы буюм жаратуу бул учурдун талабы. Мисалы, биз бир колдонгондон баштыкты алып, гүлдөрдү жасадык. Ал эми ар бир эле гүл үчүн ваза сатып ала албайбыз. Ал үчүн суусундуктардын бөтөлкөлөрүн кооздоп, ваза жасап койдук. Эгер биз жараксыз нерселерди кайра иштетүүнү жакшы өздөштүрсөк, айлана-чөйрө таза болуп, таштандыдан арылып, таза жашоого үйрөнөбүз.

Көбүнчө биз татаал бүктөмдөр ыкмасын пайдаланып, кооз буюмдарды жасайбыз. Мындан сырткары пазыл ыкмасын пайдаланып, көлөмдүү формадагы чачылган сүрөттөрдү жыйнайбыз», — деди ал.

Мугалим көркөм өнөр жана технология сабагы теориядан алган билимди практика жүзүндө иштөөгө үйрөтөрүн айтат.

Пример HTML-страницы

«Баланын ой жүгүртүүсү башында гана эмес, анын манжаларында болууга да тийиш» деп улуу педагог-наватор В.Сухомлинский айткан. Кол менен жасаган эмгектер окуучуларды келечекте эмгекчилдикке, жок нерседен бар нерсени жаратууга, ушул өнөр менен өзүн-өзү бакканга, чөнтөгүнө пайда алып келгенге үйрөтөт. Мындан сырткары майрам күндөрү жакындарына акча коротпой, өз колу менен белек жасап бергенге үйрөнөт. Муну менен ал бала өзүн-өзү чыгармачылык жактан өнүктүрүп, өстүрүп, изденүүнү пайда кылып, анын арты менен жаңычылдыкты алып келиши ыктымал. Эң негизгиси, психологиялык жактан туура калыптанууга алып келет. Мисалы, сабырдуу, тең салмактуу, чыдамкай, тырышчаак кылып тарбиялайт», — деди ал.

Фанар Жакутова 1977-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык училищада чийүү, эмгек бөлүгүн бүтүргөн.

Анын Фанар аттуу өзгөчө ысымы Т.Сатылгановдун «Кандай адам тууду экен Лениндей уулду?» деген ырынан улам коюлган.

«Ысымын «Панардай жанып боштондук, бактыбызга туулду. Кандай адам тууду экен Лениндей уулду?» деген ыр саптарындагы панардай деген сөздөн улам коюлган. Панар деген сөзүн баштамгасын Ф тамгасына алмаштырып, Фанар деп коюшкан экен», — деди мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️