Өзгөчө музыкалык аспап жасаган Таштанбек Сооронбаевдин эмгектери

Акыркы жанылыктар

TurmushТаш-Көмүр шаарындагы жыгач уста Таштанбек Сооронбаевдин чапкан комуздары чет өлкөлөргө сатылып жатат. Анын өз алдынча комуз чаап баштаганына 30 жылдан ашты. 3 миңге чукул комуз жасаган уста менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, Кыргызстандын айрым эл артисттери, музыкалык окуу жайлар комуз сатып алган учурлар көп болот. Кыргыздын комузу менен казактын домбрасын бирге жасап, көпчүлүккө таанылган. Ал эми комуз чабуу өнөрү атасынан өткөн.

«Өзүм Аксы районуна караштуу Ак-Жол айыл аймагында чабандын үй-бүлөсүндө төрөлүп, 9 бир туугандын арасында өстүм. Эс тарткандан бери ата-энем өзүбүздүн малга кошуп, элдин мал-жандыктарын жыйнап, жайлоого чыкчу. Бала кезде сүрөт тартууга абдан кызыкканымдан апам калем, кагаздарды жайлоого да ала барып берер эле. Атам болсо, комузда мыкты кол ойноткон киши болчу. Кеч киргенде баарыбызды катар отургузуп алып, комуз чертип ырдап, кээде «Курманбек» эпосун окуп берчү. Комуз чертип, аны чапканды атамдан көрүп үйрөнгөм. Мектепте окуп жүргөн учурда, 7-класста «Жаш талант» деген телесынак болуп, комуз чертип, жеңүүчү аталып, Ош шаарына чейин барып, башкы байгени алып, комузга болгон кызыгуум андан дагы күч алды.

Ата-энем жогорку билимди деле алган эмес, бирок балдарынын баарын билимдүү болсун деп чет жактарда окутушту. Мен мектепти аяктап, 1983-жылы Казакстандын Алмата шаарындагы Индустриалдык педагогикалык институтунун техник-механик адистигине тапшырдым. Ал жакта бирге окуган казак тайпалаштарымдан домбра черткенди үйрөнүп, окуу жайдагы маданий иш-чараларда комузда, домбрада кол ойнотуп, боордош элден көп сый көрдүм. Окуу жайды аяктап, 1987-жылдан баштап Таш-Көмүр шаарында өз кесибим менен иштеп калдым», — дейт ал.

Устанын колунан жасалган комуздар бир катар таанымал инсандарга сатылган.

«1990-жылга чейин автомеханик болуп иштедим. Кесибим башка болсо да маданиятка болгон сезимим алмашкан жок. Күнү бою жумушта болуп, кечкисин үйгө келип, чакан устаканамда кургаган өрүк дарагын комузга ылайыктап, кээде комуз жасап калчумун. 1991-жылдан 1994-жылга чейин Шамалдуу-Сай шаарчасындагы кесиптик лицейде ага окутуучу болуп иштедим. Окуу жайда станоктор бар үчүн сабак жок учурда устаканага кирип, баягы көнүп калган жумушумду жасай калчумун. 1994-жылдан ушул күнгө чейин мектепте балдарга кол эмгек, сүрөт сабактарынан билим берип келдим. Сабактан сырткары үйдөгү устаканага комуз чабууга кызыккан балдарды чакырып, комуз чаптырып, унутулуп бара жаткан устачылыкты үйрөттүм. Азыр чакан устаканада 200гө жакын комуз чыкчу дарактар турат, аны зээриккен учурда жасайм.

Пример HTML-страницы

Мен чапкап комуздардын көбү эл артисттерине сатылды. Атап айтсам, Бакыт Шатенов, Шекербек Шеркулов сыяктуу эл тааныган инсандарга берилди. Мындан сырткары Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев менен сүйлөшүп, окуу жайга көптөгөн улуттук музыкалык аспаптарды жасап бердим. Комуздан сырткары кыяк, домбра, аса таяк, жыгач ооз комуз, добулбас, шылдырак, тактеке сыяктуу аспаптарды жасайм», — деди уста.

Устанын комуздары 3000 сомдон 5000 сомго чейин бааланат. Ал эми концерттик комуздарды 10 000 сомго чейин баалайт. Мындан сырткары ал жыгачтан ар кандай сувенирдик буюмдарды жасап, белекке берип, айрымдарын сатыкка чыгарат.

«Кээде сай жээктеп басып калам, себеби агындыларда ар кандай формага келип калган тамырлар жээкке чыгып калат. Анын баарын ээринбей топтоп, үйгө алып барып, бычак менен бир аз формага келтирип, сыртынан лактап койсоң кайсы бир жаныбардын түспөлүн берет. Андай бумдарды мектептин музейине бердим, кээде тааныштарга белекке берип, айрымдарын көргөзмөгө алып чыгып сатыкка койдум.

Баарынан да коомчулукка жаккан казак-кыргыз бир тууган деп аталган кош музыкалык инструмент болду. Кадимки комуз менен домбраны бир дарактан чаап экөөндө тең кол ойнотуп ырдасам, көпчүлүккө жакты. Ошол аспаптан дагы жасап, Казакстанда бирге окуган тайпалаштарыма белекке жибердим. Алар да абдан ыраазы болушту. Азыр мен жасаган комуздар Россия Федерациясындагы жана Казакстандагы журтташтарыбызга сатылууда. Буюрса дагыда бул өнөрдү өркүндөтүп, өсүп келе жаткан жаш муундарга үйрөтөйүн деген ниетим бар», — деди жыгач уста.

Таштанбек Сооронбаев учурда 60 жашта, ал 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️