Өзбекстандык жаштар Оштогу университетке тапшырып, окууну аяктабай кетишет. Себеби эмнеде?

TurmushОш мамлекеттик педагогикалык университетинин эшиги чет элдик студенттер үчүн ачык. Окуу жайга тапшырган абитуриенттердин санын орус, татар, тажик, өзбек улутундагы жарандар толуктарын аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка караганда, университетке акыркы 3 жылдан бери коңшу Өзбекстандан келген абитуриенттердин саны арткан. Себеби өзбек жарандары үчүн өз өлкөсүнө салыштырмалуу Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кирүү алда канча жеңил жана 1-2-курсту аяктагандан соң кайрадан которулуп кетүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

Учурда окуу жайда чет өлкөлүк студенттердин саны 10 миңден ашат. Анын ичинен 257 студент англис тили адистигинин күндүзгү бөлүмүндө окушат. Алардын арасында Махларой Сарибаева менен Омадбек Шавкатов бар. Студенттер коңшу өлкөнүн Андижан шаарынан келип, окуу жайда кандай билим алып жатканы тууралуу өз пикирлерин билдиришти.

«Алгач университетке келгенимде кыргыз тилин билбегеним үчүн бир аз кыйынчылыктар болду. Бирок азыр тилди өздөштүрүп, сабактарды, семинарларды жакшы өтүп жатабыз. Биз окуганга жана кошумча иш-чараларга катышууга бардык шарттар бар. Бул окуу жайда билим алуу мага жакты. Биз көп санда студенттер келсек дагы, бизди мугалимдер жакшы кабыл алышты. Бул үчүн окуу жайга жана окутуучуларга ыраазычылык билдиребиз», — деди Махларой Сарибаева.

Чет элдик студенттер үчүн университетте бардык шарттар каралган. Окуу программалары бардыгына бирдей түзүлүп, бирок келишим акыны кыргызстандык студенттерге салыштырмалуу 30 пайызга жогору төлөшөт. Ал эми окуу жайда Өзбекстандан жана Тажикстандын Мургаб, Жерге-Тал аймагынан келген этникалык кыргыздар дагы билим алышат. Коңшу өлкөнүн аймактарынан келген этникалык кыргыз студенттер кыргызстандык студенттер менен бирдей укукка ээ жана келишимдик акыны да бирдей өлчөмдө төлөшөт.

Чет элдик студенттер окуудан сырткары атайын тарбиялык сааттарга, семинар- тренингдерге катыша алышат. Өз чыгармачылыктарын өнүктүрүү багытында коомдук маданий иш-чараларда да активдүүлүктөрүн көрсөтүшөт.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️