Өз кызын ата-энелик укугунан ажыраткан Н.Өмүрбаева 5 небересин багууда

TurmushЧүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сосновка айылынын 50 жаштагы тургуну Назгүл Өмүрбаева беш небереси колунда калып, материалдык жардамга муктаж.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Назгүл Өмүрбаеванын кызы балдарын бир жарым жыл мурун таштап кеткен. Анын кайда кеткенин эч ким билбейт. Ал бардык документтерди чогултуп, камкорчулукка арыз жазган. Неберелерин балдар үйүнө берүүнү көздөбөйт.

«Кызым кайда экенин билбейм. Ал кезде Кара-Суу айылында иштеп жүргөн. Кызым менен балдардын атасы ээн-эркин турмуш кечирип, арак ичип, үйдө дайыма бейтааныш коноктор болуп, уруш-талаш болуп турчу. Мунун баары балдардын көз алдында болгон. Мындай абал бир нече жылдар бою уланып, бирок август айында эң жогорку чекке жеткен. Ага чейин апасы бир нече күнгө кетип, бирок кайра кайтып келген. Ал эми жайында күйөөсү экөө балдарын жалгыз таштап, дайынсыз болуп кетишкен. Неберелерим айыл аралап, нан сурап баштаганда байкалып, айыл өкмөткө, социалдык коргоого кабарлашкан.

Атайын кызматтар келип, балдарды Кара-Балта шаарындагы балдар үйүнө алып кетишкен. Бул тууралуу кошуналар айтып, неберелеримди кайра алып кеткем. Мен аларды балдар үйүнө бергим келбейт, ошондуктан камкордукка алууну чечтим. Буга чейин бардык документтерди тапшырып, кызым менен күйөө баламды ата-энелик укугунан ажыраткам. Эми неберелеримди өзүм тарбиялайм. Улуусу 10, кичүүсү 3 жашта. Үч неберем Сосновка мектебинде окушат, экөө али кичинекей. Буга чейин кафе, ашканаларда идиш жууп иштегем. Азыр мен балдарды кароосуз калтырып, күн сайын иштей албайм.

Биз Бишкек—Ош жолуна жакын турабыз. Жол кооптуу, унаалар көп. Ошондуктан жумасына бир жолу, жекшемби күнү гана жумушка чыгам. Иш күндөрү улуу неберелерим мектепте болот. А мен кичүүлөрүн кароо менен алекмин. Дем алыш күндөрү 10 жаштагы кызым балдарды карай алат. Азыркы тапта мал базардагы шишкебек сатуучу жайда идиш жууп иштейм, бирок акчам жетпейт. Бир күн иштегениме 400 сом алам, бул акчаны бир жумага жумшаш керек», — деп айыл тургуну көйгөйлөрү менен бөлүштү.

Балдардын жашоосу оор экенин кошуналары тастыкташты. Коңшулардын биринин айтымында, үйдө жууркан, жаздык да болгон эмес. Суу боюнча да көйгөйлөр бар, түтүк жок. Балдар күн сайын бөтөлкөлөр менен башка көчөлөргө барышат. Ата-энелеринин паспорттору жок болгондуктан, алардын документтери болгон эмес. Быйыл гана балдардын таенеси алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алды.

Пример HTML-страницы

«Балдардын ата-энелери ар дайым мас абалында болушкан. Ач калган балдарды кошуналар колдон келишинче багып, кийим-кече да алып келип турушкан. Айыл өкмөтү аларга бир жолу жардам көрсөтүп, көмүргө акча, бир кап ун берген. Алардын акчасы күнүмдүк жашоого жетпейт. Мектепке үч неберени чогултуу керек. Мындан сырткары мектептин фондуна төлөш керек. Назгүл 300 сом бергендигин айткан. Мектепте бул балдардын аз камсыз болгон үй-бүлөдөн экенин түшүнүшпөйбү? Балдардын таенеси мамлекеттен акча бөлүнөт деп, аларды камкордукка алууну чечти. Бизге ар бир бала 6 миң сомдон алууга укуктуу экенин айтышты. Бирок акчадан тышкары башка нерселер да маанилүү. Эгер азыр балдарды балдар үйүнө тапшырышса, алар ар жакка кетишет. Таене балдардын өз апасы дагы эсине келет деп үмүттөнөт. Аларды балдар үйүнө берүүгө болбойт. Балдардын таенеси камкорчу (багуучу) болушу керек. Ал эми мамлекет ага бул жагынан жардам бериши керек. Азыр балдарга тамак-аш, жуучу каражаттар, кийим-кече керек. Бул үй-бүлөгө биздин айылдык депутаттар да жардам бериши мүмкүн», — деди кошунасы Назгүл Тулушева.

Ал эми бул үй-бүлөдө мындай абал төрт айга созулат. Буга чейин балдардын энеси жакыр адам катары жөлөкпул алып келген. Бирок ал ата-энелик укуктан ажыратылгандыктан, чоң энеси камкордукка алууга үлгүрбөй калгандыктан, мамлекеттик жөлөк пулду төлөө убактылуу токтотулган.

Жайыл районунун эмгек жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнөн маалымдалгандай, факты боюнча башкармалык Назгүлдүн неберелерин балдар үйүнө өткөрүп албаш үчүн аларды убактылуу камкордукка алуу керек болчу.

«Убактылуу камкордук алты айга берилет. Биз ага сотко кайрылып, туруктуу камкордукка алуу керектигин айтканбыз. Балдардын апасы ата-энелик укуктан ажыратылып, таенеси март айынан тарта камкорчу болбой калды.

Анда алты ай бар болчу. Бирок дагы деле сотко кайрыла элек жана керектүү документтерди чогулта элек. Биз 2021-жылдын аягында убактылуу камкорчу болууга укук бергенбиз. Ошондуктан ал тез арада сотко кайрылышы керек. Бул биринчи. Эми жөлөкпулдун (пособие) суммасына келсек. Камкорчуларга ар бир балага 6000 сомдон балдар ата-энесинен ажырады (томолой жетим) деп расмий таанылганда гана берилет. Тактап айтканда, ата-энеси экөө тең каза болуп, сот аркылуу балдар жетим деп табылып, камкордукка алынганганда гана. Эгерде балдар жарым жетим деп табылса, анда камкорчу ар бир бала үчүн эки миң сомдон алат.

Назгүл Өмүрбаеванын иши боюнча, ал жогорудагы категорияларга кирбей турганын белгилегим келет. Неберелеринин ата-энеси тирүү. Таене жалпы негизде жүрүп, аз камсыз болгондор үчүн «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алат. Бул жөлөк пулдун өлчөмү ар бир балага 810 сомдон, тактап айтканда беш небере үчүн 4050 сомдон алат. 10-марттан кийин эки айга 8100 сом алат. Ал эми Назгүл сотко кайрылбай, туруктуу камкордукка албаса, апрель айынан тарта жөлөкпул төлөнбөй калат», — деп жөлөк пулдарды дайындоо бөлүмүнүн башчысы Светлана Өмүрбекова түшүндүрдү.

Үй-бүлөгө жардам берүү үчүн төмөнкү номурларга байланышсаңыздар болот: 0702 009 669, 0553 41 10 30

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️