Өзүнүн айылына келин болгон Азима жеңенин жүрөгүн агайы багындырды

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Түп районуна караштуу Сан-Таш айылынын 24 жаштагы тургуну Азима Кусейинова. Ал учурда айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда улук медайым болуп иштеп жатат.

Азима Кусейинова 1998-жылы жарык дүйнөгө келген. Сан-Таш айылындагы А.Муканов атындагы жалпы билим берүү мектебинин босогосун аттап, 2016-жылы ийгиликтүү аяктаган. Андан соң Каракол шаарындагы И.Ахунбаев атындагы медициналык колледжге тапшырып, фельдшер болуп чыккан.

«2020-жылдын январь айында окуумду ийгиликтүү аяктадым. Дароо эле облустук бириккен оорукананын терапия бөлүмүнө жумушка орноштум. Дал ушул мезгилде коронавирус пандемиясы башталып, эң алгачкы чек арадан өтүп, алыстан келгендер обочолонгон жайга жаткырылып, коронавирус аныкталганда ишимди кызыл зонадан баштадым. Чүмкөнүп, көз айнек тагынып, форма кийүүгө көнбөптүрбүз. Көнгөнгө чейин кыйналдык. Ал мезгиле 1,5 айдай үй-бүлөмөн алыс, эшикке чыкпай ооруканада, обсервацияда жашадык. Оорунун биринчи толкуну аяктап, басаңдап калганда Сан-Таш айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна медайым болуп которулдум. Үзүрлүү эмгегимдин аркасы менен быйылкы жылдын башы менен улук медайым болуп, кызматтык даражам көтөрүлдү», — деди ал.

Азима Кусейинова медицина кызматкери болууну бала кезинен эле кыялданган.

«Медицина кызматкери болууну кичинемден кыялданчумун. Чоң энем балдарды аштаганын (киренелеп) көрүп алып, короодогу уй, жылкы башка жаныбарларды аштап, ысырыктап койчумун. Ошондой эле куурчактарымды тизип алып, дарылап ойночумун. Азыр бул кесипти аркалаганыма сыймыктанам. Күндүзү, түнкүсүн, майрам, дем алыш күндөрү чакыруу келсе, жардамга жөнөйм», — деди ал.

Анын айтымында, 2018-жылы турмуш жолуна аттанган. Анын өмүрлүк жолдошу бир кезде мектепте сабак берген агайы болгонун айтат.

Пример HTML-страницы

«Эмнегедир эс тарткан кезимден баштап эле алыс жакка турмушка чыгайын деген ниетте ийнеге жипти бир метрдей узун саптап алчумун. Нике кайып дегендей, алыс барбай эле өз айылыма келин болуп калдым. Мектепте окуп жүргөндө ыр, бийге шыктуу элем. Ошентип бир катар сынактарга катышып, ийгиликтерди багындырып жүрдүм. 11-классымда мектептин кыздарын бийге үйрөтүп, ийримге топтодум. Дал ушул мезгилде болочоктогу жолдошум дене тарбия сабагынан мугалим болуп келип, кээде сабак берип калды. Окуудан сырткаркы убакта экөөбүздүн тең уюштурган ийримибиз бир саатка коюлуп, окуучуларды талашкан күндөр болду. Бул мезгилде мага менменсинген мырзадай көрүнүп, анча деле маани берген эмесмин. Ошентип студенттик күндөр башталып, айылдан кеткенден кийин телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп, жүрөгүмдү багындырып алды. Турмуш курарда ата-энебиз каршы болгон жок. Анткени бир айылда жашап, бир көчө эле арабызды бөлүп турат эле. 2018-жылы баш коштук. Учурда өткөн-кеткенди эстеп күлүп калабыз. Үй-бүлөдө жолдошум, ата-энем (жолдошунун ата-энеси) мугалим болгондуктан менин жумушумду түшүнүү менен кабыл алып, колдоо көргөзүп келишет», — деди ал.

Азима Кусейинова чыгармачылыкка да жакын экенин айтат.

«Мен үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусумун. Үч жашка толгонго чейин тилим кеч чыгып сүйлөбөптүрмүн. Ата-энем бул учурда кооптонушкан экен. Күндөрдүн биринде куудул Күмөндөр Абылов айылга концерт койгону келип, биздин үйгө эс алууга кириптир. Апамдардын айтымында, жанында жубайы бар экен. Ошол кезде чоң энемдер сыртта нан бышырып, гастролдон кайтар маалда бир тоголок нан салып берип, узаткандан көп өтпөй өзүмдөн-өзүм эле ырдап баштаптырмын. Кыргыздын батасына, ырым-жырымына ишенем. 5-класстан баштап ыр жазып, чыгармачылгым менен кээде үйүмө майрам уюштура калам. Муну көргөн жолдошум «сен артист эле болбойт белең» деп тамашалап, күлүп калат», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️