Өрүкзарлуу Баткендин «ак жоолугу» (сүрөт)

TurmushБаткенде өрүктөр гүлдөдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айрым жылдары өрүк гүлүн ачкан кезде суук түшүп, түшүмдү үшүк алчу. Быйыл да өрүк болбосо, анда массалык түрдө өрүк бактары кыйылып, ордуна кечирээк гүлдөчү алма, гилас, алча, кайналы бактары отургузула баштайт.

«Былтыркы жылы өрүк гүлдөгөн кезде үшүк жүрүп, 98% үшүк алган. Мындай абал 7-8 жылдан бери эле бар. Түшүм болбой, дыйкандар өрүк дарактарын кыйып, ордуна башка кеч гүлдөчү дарактарды өстүрө башташты. Быйыл да үшүк жүрдү. Бирок жылдагыдай эмес. Эми канчалык мөмө бар экени гүл түшкөндө билинет. Эгерде быйыл да дыйкандар ойдогудай түшүм албаса массалык түрдө өрүк дарактары кыйылат. Мындан сырткары кайра иштетүүчү ишкана да жок болуп жатат», — деди багбандардын бири Турсунали Төлөмүшев.

Баткен райондук айыл чарба департаментинин башчысы Абдипатта Пирназаров Баткен районунда 5900 гектар өрүк багы бар экенин билдирди.

«Бизде дыйкандар жыл сайын үшүк болуп түшүм ала албай жатышат. Быйыл буйрйса күн жакшы, түшүм болуп берет деп турабыз. Райондо 4720 гектар жерде көп жылдык дарактар бар. Анан 430 гектарында түшүм берүүчү бактар өсөт. Өрүк бактарынын 30% жаңы көчөттөр түзөт», — деди ал.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️