Өлкө башчынын жердештери А.Сулаймановдон аймактагы маселелерди чечип берүүсүн өтүнүштү

TurmushБүгүн, 15-апрель күнү Түп районунун маданият үйүндө президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов эл менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө райондун айыл аймагынан келген тургундар социалдык, экономикалык жана айыл чарба көйгөйлөрү боюнча маселелерди көтөрүшүүдө.

Жашоочулардын арасынан эң көп суроо бергендердин катарында Жылуу-Булак айылынын 65 жаштагы тургуну Айтбүбү Атагелдиева президенттин өкүлүнө 20дан ашуун көйгөйдү көтөрүп, кайрылуу жасады. Ал район борборундагы тазалыкты сактоо, жол жана ички инфрастуруктураны өнүктүрүү, мамлекеттик ветеринардын жетишсиздиги, жер айдоого карата күйүүчү майдын кымбаттыгы, райондо рентгендин жоктугу, 6 пайыздык насыя карапайым элге жетпей жатканы боюнча көйгөлөрдү айтып, облус башчысынан чечип берүүнү өтүндү.

«Чоң-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Жылуу-Булак айылында жашайм. Айылыбызда таптакыр ичүүчү суу жок, долбоору да карала элек. Таза суу көйгөйүнөн улам айыл ичинде ичеги-карын, боор оорулары көбөйүдө. Андыктан көп жылдан бери келе жаткан көйгөйлөрдү чечип берүүңүздү өтүнөм. Ошондой эле элеттиктер мал чарбасы менен жан багат. Бүгүнкү күндө жем, чөп кымбат болууда. Тилекке каршы сүттүн баасы ылдыйлап баратат. Мисалы, 5 балалуу эне сүт сатып кантип жан багат? Андыктан зоводдор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирдей бааны бекитүүнү суранам», — деди ал.

Бул сыяктуу эле район тургундары, жер маселесин чечип берүү, жайыт, иригациялык көйгөйлөр менен кайрылуу жасады. Бул боюнча облус жетекчиси тиешелүү жетекчилерге чечип берүүгө тапшырма берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️