Өткөн жылы Нарында өрт кырсыктар дээрлик 45 млн сом зыян келтирди

Өткөн жылы Нарында өрт кырсыктар дээрлик 45 млн сом зыян келтирди Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунда 2024-жылы 2 өзгөчө кырдаал катталып, чыгым 3 млн 903 миң 990 сомду түздү. Бул тууралуу Нарын облусунун Жарандык коргонуусунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга милдеттери боюнча жыйында ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнис Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, 10-майда Ат-Башы районунда ылдамдыгы секундасына 24-27 метрге жеткен катуу шамалдан улам 205 объект, анын ичинен 194 турак жай, 11 социалдык объект жабыркаган. Ал эми Нарын районунун Куланак айылын каптаган сел кыяндын кесепетинен 1 турак үйдүн ичине суу кирип, 41 турак үйдүн короосун, унаа жолдорду каптап, каналдар толуп, ички көпүрөнү жараксыз абалга алып келген.

2024-жылы облус аймагында 114 өрт кырсыгы катталып, чыгымдар 44 млн 975 миң 557 сомду түздү.

Өрттүн чыгуу себептери төмөндөгүдөй аныкталган:

— балдардын от менен ойноосунан – 18 өрт;

— тамеки тартуудагы этиятсыздыктан – 8 өрт;

— электр жабдууларын техникалык жактан колдонуудагы бузулушунан – 49 өрт;

— от жагуучу мештердин, түтүн чыгуучу морлордун туура эмес салынышынан – 18 өрт;

— ачык отту туура эмес пайдалануудан – 21 өрт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️