МИС алкагында уюлдук телефондорду сатуучулар үчүн промоакция

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 «Мамлекеттик идентификациялоо системасын уюштуруу жана уюлдук телефондорду, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу аппараттарды идентификациялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 25-июнуна чейин Кыргыз Республикасына алынып келинген тастыктоочу документтери жок уюлдук телефондорду каттоо 2024-жылдын 15-августуна чейин жылдыруу жарыяланган. Ошондой эле, милдеттүү каттоодон өтпөгөн уюлдук операторлордун абоненттери тармактан ажыратылбайт.

Кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн алкагында көрсөтүлгөн аппараттарды каттоо үчүн төлөм түздөн-түз импорттоочулар жана уюлдук телефондорду сатуучулар тарабынан ишке ашырылат.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын уюлдук операторлорунун (Mega, Beeline, O!) SIM-карталары менен кошулган бардык Уюлдук телефондор 2024-жылдын 25-июнуна чейин, системада автоматтык түрдө катталган. Эгерде сиз каттоодон өтпөгөн аппаратты Кыргыз Республикасынын аймагындагы дүкөндөрдөн же соода жайларынан сатып алган болсоңуз, сатуучу аны сизге каттап берүүсү үчүн аппаратты сатып алган жериңизге кайрылыңыз.

Кененирээк www.imei.kg сайтында.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️